Акылбек Жапаров Германиядан дарыланып келип, ишке киришти

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Германияда дарыланып Кыргызстанга кайтып келди. Ал буга чейин ишке киришип, бир нече жолугушууларды өткөргөнү такталган. Белгилей кетсек, Акылбек Жапаров 28-апрелде Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөгү ооруп, кан басымы төмөндөп кеткен деген арыз менен жаткырылган. 30-апрелде министрлер кабинетинин башчысы ооруканадан чыгарылып, кызматтык милдеттерин аткарууга киришкен. 3-майда Акылбек Жапаров Германияга дарыланууга кеткен.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.