Дастан Жумабеков Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагеринен кабар алып, жардам көрсөттү

Улуу Жеңиш майрамын белгилеп жатып, Кыргызстандан Улуу Ата Мекендик согушка аттанган мекендештерибиздин, анын ичинен баатырларча курман болгон жердештерибиздин ысымдары менен, алардын эрдиги менен сыймыктанбай койо албайбыз.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Джумабеков Талас областынын Кара-Буура районун Бакыян айылында жашаган согуш ардагери 97 жаштагы Арстамбеков Араке атабызды 9-май Жениш күнү менен куттуктап, акчалай жардам көрсөттү.

Сизди, жеке өзүмдүн атымдан Улуу Жеңиш майрамыңыз менен куттуктап, Жеңиштин Туусу жергебизде түбөлүк желбирей берсин демекчимин.

 

Улуу Жеңиштин Туусу орногондон бери 77 жыл өтсө да ошол кандуу жылдардын каргашасы, азабы менен тозогу, кайгысы менен муңу, кырчын кезинде кыйылган өмүрлөрдүн элеси, орду толгус жоготуулар, көз жаш менен кубанычы бүгүн да көз алдыбыздан кетпей, биз менен кошо жашап келет -деп белгиледи Д. Джумабеков.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.