Жалал-Абадда өзбек чек арачыларынын огунан 3 кыргыз жараны каза болду

Жалал-Абадда Өзбекстандын чек арачыларынын огунан 3 Кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу Чек кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 5-майда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Актам айылынын Дөбө-Коргон аймагында болгон. Анда Өзбекстандын чек арачылары 3 Кыргыз жаранына карата курал колдонгон. Анын натыйжасында 1974–жылы төрөлгөн А.К., 1998–жылы төрөлгөн А.Ж. жана 2000–жылы төрөлгөн Ж.А. аттуу кыргызстандык адамдар Ала-Бука райондук ооруканасында көз жумган.

Бул окуяга байланыштуу кыргыз-өзбек чек ара өкүлдөрү жолугушуу өткөрүшкөн. Сүйлөшүү бүгүн, 6-майда дагы уланат.

Учурда тийиштүү кызматтар иликтөө иштерин баштаган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.