Түркмөн бийлиги кыз-келиндери чет өлкөгө чыгарбоо маселесин карап жатат

Түркмөнстан бийлиги кыз-келиндердин чет өлкөгө чыгуусуна толук тыюу салуу маселесин карап жатат. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматына бири-биринен көз карандысыз түркмөн өкмөтүнө жакын эки булак билдирди.

“Аялдардын өлкөдөн чыгуусуна толук тыюу салуу боюнча акыркы чечим кабыл алына элек. Бирок бул маселе олуттуу түрдө президенттин жана мурдагы мамлекет башчынын деңгээлинде талкууланып жатат. Болжолдуу планга караганда, бардык аялдардын чет паспортторун алуу каралууда. Талкууга алынган эрежеге ылайык, мамлекеттик комиссиянын чечиминин негизинде чет өлкөдө дарыланууга уруксат алгандарга же жарандыктан чыккан аялдарга гана артыкчылык берилет”, — деди өз булак. Ал чектөө чет өлкөдө окууну каалаган кыздарга да тиешелүү экенин кошумчалады.

Маалыматка караганда, түркмөн аткаминерлери чет өлкөгө чыгып кетип жаткан кыз-келиндер “өлкөнүн кадыр-баркын кетирүүдө” деп эсептешет.

“Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги менен Миграция кызматында түркмөн жарандары катышкан кылмыштарга байкоо салган атайын топ бар. Бул топ акыркы эки жылда башка өлкөлөрдө, анын ичинде Түркияда түркмөнстандыктар катышкан кылмыштар көбөйүп жатат деген бүтүмгө келген. Анын ичинде түркмөн кыз-келиндери сойкулук менен алектенген көп учур бар. Алардын пикиринде, аялдар гана Түркмөнстанды уят кылууда, ошондуктан аларды өлкөдөн чыгарбоону көздөп жатышат”, — деди башка бир булак.

Түркмөн өкмөтү жана мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары чет өлкөдө жүргөн жарандары жөнүндө маалымат бербейт.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.