Дөөлөт Сыдыков президент менен жолугушууга өзү барбай койгон

Дөөлөт Сыдыков президент менен жолугушууга өзү барбай койгон. Бул тууралуу Koom Press маалыматтык агенттигине Манасчы Рысбай Исаков билдирди.
– “Манас айылына” тийбей, тескерисинче президент өзү оңдоп берүү жөнүндө айткан. Бул маселе боюнча бир катар манасчылар болуп Дөөлөт Сыдыков менен жолугуп, сүйлөшкөнбүз. Ал биз жөнүндө дагы туура эмес ойлорду айтыптыр. Албетте, бул ар бир адамдын абийириндеги маселе. Бирок, көз караштар туура келбей калган үчүн гана ар кандай сөздөрдү айтуу туура эмес. Буга чейин президент маданият министрлиги аркылуу Дөөлөт Сыдыковду жолугушуга чакырганын көргөм. Ал жолугушууга өзү барбай койгон, – деди  манасчы.
Эске сала кетсек, залкар манасчы, “Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин директору Дөөлөт Сыдыков 30-апрелде жумуштан кетүү тууралуу арыз жазып, өзү үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен.
Бул маалыматты тактоо иретинде Koom Press маалыматтык агенттиги министр Азамат Жаманкуловго байланышканыбызда, Дөөлөт Сыдыковго карата эч кандай коркутуу болгон эместигин айткан.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.