Жигит сүйлөшкөн кызын өлтүрүп, өз жанын кыюуга аракет кылды

Бишкекте жигит  кызды өлтүрүп, өз жанын кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришди.

Алдын-ала маалыматтар боюнча, 1994-жылы туулган жигит өзүнүн 1997-жылы туулган сүйлөшкөн кызын башка жигит менен көрүп калган. Кызганычтан улам уруша кетип, кыздын мойнуна бычак менен сайып салган.  Кыз батирден качып кетүүгө үлгүрүп,  көчөдөн эсин жоготкон. Кан болгон кызды көргөн күбөлөр тез жардам кызматын чакырышкан. Тилекке-каршы жабырлануучу ооруканага бара жаткан жеринен жолдо каза болгон.

Ал эми батирде калган кыздын жигити өзүнө-өзү бычак менен кол салган. Билдирген маалыматтар боюнча, жигит ооруканада.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.