«Кыргызалтындын» эл аралык статусу калыбына келди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Лондондун баалуу металлдар рыногу Ассоциациясынын (LBMA) “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун аффинаждык заводунун “Good delivery”  (“ишенимдүү жеткирүүчү”) статусун калыбына келтирүүүүү боюнча чечимин кубаттайт жана колдойт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. 

«Министрлер кабинети LBMAнын “Good delivery”статусун калыбына келтирүү чечимин  жогору баалайт. Бул чечим оңой болгон жок. “Кыргызалтын” ААКсы өткөн жылдагы эң ири алтын казуучу ишкананын кожоюну алмашкан. Ал окуяларда көптөгөн сынактарды тапшырып, текшерүү процедурасынан өтүүгө аргасыз болгон. Биз LBMAнын алкагында дүйнөгө ишенимдүү алтын жана күмүш өндүрүүчү  милдеттемелерди татыктуу аткарарыбызды көрсөттүк. Мындан ары  аффинаждоочу завод өз милдеттерин толук аткарат деп ишенем», – деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Жапаров белгилегендей, кыргыз алтынынын дүйнөлүк рынокко толук кандуу чыгуусун калыбына келтирүү чечими КР азыркы президенти Садыр Жапаровдун командасынын адилет саясатынын дагы бир таанылышы деп эсептейт.

«Биз элибиздин кызыкчылыгы үчүн жеңишке жетишүү менен гана чектелбестен, аны биринчи күндөн тартып элге убада кылгандай бардык эл аралык жана укуктук милдеттенмелерди толук сактоо менен аткара алдык», – деди Акылбек Жапаров.

Белгиленгендей, LBMA тарабынан кабыл алынган чечим ошондой эле 2021-жылдын сентябрь айынан тартып бул статусту токтотуу мезгилинде «Кыргызалтын» ААК ишканасы тарабынан аффинаждалган алтын менен күмүштүн бардык көлөмүнө  жеткирүү статусу таанылат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.