Депутат Дастан Жумабеков кыргызстандыктарды конституция күнү менен куттуктады

Депутат Дастан Жумабеков кыргызстандыктарды конституция күнү менен куттуктады. 
«Сиздерди Кыргыз Республикасынын Конституция кабыл алынган күнү менен куттуктайм!
Конституция — бул өзгөчө баалуулук, мамлекеттик жана жарандык биримдиктин символу.
1993-жылы 5-майда Конституциябыз кабыл алынып, өлкөбүздүн тарых барактарында өзгөчө бир күн катары калды. Баш мыйзамыбыз кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө өбөлгө түзүп, көз карандысыздыкка ээ болгон өлкөбүздүн өз алдынча кадам таштоосуна жол ачты.
Конституцияда камтылган баалуулуктарды сактоо жана аларга урматтоо менен мамиле кылуу ар бир Кыргызстандыктын милдети.
Негизги мыйзамда камтылган ченемдерди аткаруу — сүйүктүү Мекенибиздин туруктуу өнүгүүсүнүн кепили.
Майрамыбыз кут болсун, урматтуу кыргызстандыктар!
Баарыңыздарга бекем ден соолук, бакыт-таалай, жергебизге гүлдөп-өнүгүү жана бакубатчылык каалайм.
Урматтым менен, Дастанбек Джумабеков»-деп жазган депутат. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.