«Достук» мейманканасынын 7-кабатынан 26 жаштагы кыз кулап каза болду

Бүгүн, 5-майда Бишкектеги «Достук» мейманканасынын 7-кабатынан кыз кулап кеткен. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, 26 жаштагы кыз курбу кыздары менен мейманканада эс алып жүргөн. Алар спирт ичимдиктерин ичишкен.

26 жаштагы кыз  7-кабаттагы балконго чыкканда  кулап түшүп,  каза болду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдирген.

 «Кыздын денесинен эч кандай зордук-зомбулук белгилери табылган жок»,- деп айтылат маалыматта.

Учурда, милиция окуянын бардык жагдайларын аныктап жатат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.