АКШ Казакстанга учкучсуз учуучу аппараттарды берди

АКШ Казакстанга чек араны көзөмөлдөө үчүн учкучсуз учуучу аппараттарды берди жана аларды башкарууга республиканын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын өкүлдөрүнө үйрөттү, деп билдирди АКШнын Нур-Султандагы элчилигинин басма сөз кызматы.

«АКШнын Казакстандагы элчилигинин Аскердик коопсуздук боюнча кызматташуу департаменти Казакстандын Чек ара кызматы менен бирдикте жакында AeroVironment компаниясынын Raven учкучсуз учуучу аппараттарынын (ПЧА) операторлору үчүн окууну аяктады», — деп айтылат маалыматта.

Элчиликтин басма сөз кызматы  жаңы учкучсуз учак операторлору Казакстандын чек арасын көзөмөлдөөгө жардам берүү үчүн АКШ берген Raven учкучсуз учактарын колдоно турганы билдирди.

AeroVironment RQ-11 Raven — алыстан башкарылуучу компакттуу учкучсуз учуучу аппарат. АКШнын Коргоо министрлиги үчүн иштелип чыккан, бирок учурда бир катар башка өлкөлөрдүн армияларында колдонула баштады.

Учактын көрсөткүчү:   

Аппарат 45-100 км/саат ылдамдыкта 5000 м бийиктикте 10 кмге чейин багынта алат.

Канаттары — 1,5 м

Салмагы — 1,7 кг

Мотор түрү — электр

Узундугу — 96 см.

Учуунун узактыгы — 45-60 мүнөт.

RQ-11 Raven алгач FQM-151 катары 1999-жылы киргизилген, бирок 2002-жылы кеңири жаңыртылган. Raven моделдик учакка окшош жана атайын конуу аянтын талап кылбайт. УЧК үч кичинекей контейнерде ташылат. Пакетте үч дрон, запастык аккумулятор жана заряддагыч бар. RQ-11 GPS навигациясы менен автоматтык түрдө уча алат жана керек болсо оператор тарабынан кол менен башкарылышы мүмкүн.

Казакстандын мамлекеттинин чек арасынын жалпы узундугу 13398 км. Казакстан беш мамлекет менен чектешет: Россия, Кытай, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.