Президент Садыр Жапаров Венгриянын министри Петер Сийяртонду кабыл алды

Кыргыз Республикасынны Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-майда өлкөгө расмий сапар менен келген Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртону кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.