Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын ардагерлерин ардактуу эс алууга узатышты

Бүгүн, 4-май күнү Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмазбек Жумабеков жана өздүк курамынын катышуусунда ички иштер органдарында узак жылдар кызмат өтөп, үзүрлүү эмгектенип, элибиздин бейкут жашоосу үчүн бел чечпей иштеп келишкен 4 кызматкерди салтанаттуу түрдө ардактуу эс алууга узатышты. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди. 
Ардактуу эс алууга чыккан ардагерлер:
-Нарын облустук ички иштер башкармылыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Айсаналиев Кеңешбек Жекшенович,
-Нарын облустук ички иштер башкармылыгынын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыйгарымдуу опер кызматкери милицияныны подполковниги Жапаров Мирлан Муратбекович,
— Кыргыз Республиксынынын ИИМнин Шумкар атайын багыттагы полкунун Нарын облусу боюнча Атайын операциялык отрядынын командиринин орун басары милициянын майору Бообеков Нурбек Торубаевич,
-Нарын облустук ички иштер башкармылыгынын Финансы чарба бөлүмүнүн эсепчиси Өмүралиева Асылбүбү Молдалиевна
Ардагерлерди ардактуу эс алууга узатып жатып, Нарын ОИИБнин башчысы Алмазбек Жумабеков алардын ИИОдогу өтөгөн кызматын, жетишкен ийгиликтерин, эл үчүн жасаган иштерин белгилеп, ак чапан жаап, ак калпак кийгизип, эстелик белектерин тапшырды.
Салтанаттан сон ак дасторкон үстүндө сый тамак тартууланды. Өз кезегинде ардагерлер кесиптештерине колдоо көрсөтүп, сыйлагандыктары үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.