Өлкөдө бир сутка ичинде 18 жол кырсыгы катталды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрилигинин ЖКККББ жол кыймылы билдирет. 2022-жылдын 4-майга карата республика боюнча сутка ичинде 18 жол кырсыгы катталган, анын кесепетинен 29 адам ар кандай деңгээлдеги денесинен жаракат алды. Катталган жол кырсыктарынын жалпы санынын ичинен 10 учур оң рулдуу унаалардын катышуусунда болгон, бул 56% түзөт, алардын ичинен 15 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ЖКККББ жол кыймылынын бардык катышуучуларына кайрылат.
Өзүңүзгө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана башкаларга көңүл бурбай коюу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпаңыз. Биринчиден, жол этикасын сактоону, жол кыймылынын башка катышуучуларына сылык мамиле кылууну үйрөнүңуз. Ошол эле учурда жолдордогу агрессияны жана жол талашууну азайтуу. Ал эми айдоочу болобу, жөө жүрүүчү болобу, ар ким өзүнөн, жеке жоопкерчилигинен башташы керек. Сиздин жеке көзөмөлүңүз же этиятсыздыгыңыз каалаган секундада адамдык трагедияга айланышы мүмкүн экендигин эсиңизден чыгарбаңыз!
Ар бириңиздердин колуңуздарда, урматтуу жол кыймылынын катышуучулары, сиздин жаныңызда жолдо келе жаткан, жакынкы унаада бара жаткан, сиз такыр тааныбаган адамдын жашоосу, бирок анын коопсуздугу сизден көз каранды. Эсиңизде болсун! Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрилигинин
ЖКККББ Басма сөз кызматы билдирди. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.