Кыргызстан Дүйнөдөгү басма сөз эркиндигинин индексинде 7 баскычка көтөрүлдү

«Чек арасыз кабарчылар»  уюмунун «Дүйнөгө басма сөз эркиндигинин индекси-2022» аттуу баяндамасында Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен жети баскычка алдыга жылып, 72-орунду ээледи. 

Уюм 2022-жылдын индексин баалоо ыкмасы өзгөргөнүн, жаңы беш көрсөткүч — саясий контекст, укуктук база, экономикалык контекст, социалдык-маданий контекст жана коопсуздук пайда болгонун белгиледи. Методологиялык өзгөргөнүнө байланыштуу 2021 менен 2022-жылдагы позицияны жана баллдарды салыштырууда этият болуу сунушталган. Өткөн айда Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы тууралуу билдирүү жасады. Анда акыркы айларда кыргыз бийлиги журналисттерге, эркин медиага карата куугунтукту күчөткөнү айтылат.

Буга Next TV телеканалы, Kaktus.media сайты жана иликтөөчү журналист Болот Темиров менен иштешкен төкмө акын Болот Назаров айланасындагы окуялар, кылмыш иштеринин козголушу, камакка алуу, тинтүү учурлары мисал келтирген. Андан тышкары Жалал-Абад облустук телерадио компаниясынын (ЖРТ) мурдагы жетекчиси Куттумидин Базаркулов 2021-жылдын ноябрь айынан бери камакта жатат. Аны Улуттук коопсуздук комитети «Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен айыптоодо. Бийликти ачуу сындап келген Базаркулов өзүнүн камалышын кесиптик ишмердиги менен байланыштырып, муну сөз эркиндигине кысым катары баалаган. «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун изилдөөсүндө «сөз эркиндигине өтө оор абалга келген» өлкөлөрдүн саны өскөн. Мурдагы СССРден тараган өлкөлөрдөн Түркмөнстанда (177), Азербайжанда (154), Беларуста (153) жана Тажикстанда (152) кырдаал оор экенин көрсөтүлгөн. Орусиянын беш баскыч артка кетиши өлкө тарыхындагы эң жаман көрсөткүч болду.

Кыргызстан 2020-жылы 82, 2021-жылы 79-орундут ээлеген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.