Казак аскерлери Донбасска барабы? Жетекчиликтин жообу

Казакстандын аскер кызматкерлери Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында Донбасска барбайт. Бул тууралуу Казакстандын коргоо министринин орун басары Султан Камалетдинов билдирди.

Султан Камалетдинов журналисттердин казак аскерлерин Донбасска жөнөтүү жөнүндө суроосуна жооп берген.

«Куралдуу күчтөрдү тынтык орнотуу операцияларында пайдалануу Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына ылайык жүргүзүлөт. Ал резолюцияга ылайык, мамлекет башчысы парламентке сунуш киргизиши керек. Парламент сунушту колдогондо гана Куралдуу күчтөр тынчтык орнотуу операциясына жөнөтүлөт. Бирок азыркы учурда бул маселе каралган жок. Сүйлөшүүлөр дагы болгон жок», — деди Камалетдинов.

ЖККУга мүчө мамлекеттер: Россия,Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Армения, Беларусь. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.