Ош шаарында эки миңдей киши катышкан веложүрүш өттү

Кыргызстанда 1-майдан 10-майга чейин майрамдарга байланыштуу  эс алуу жарыяланган. Узак дем алышта Ош шаарында эки миңдей киши катышкан веложүрүш өттү. 4-майдагы иш-чараны мэрия «Мегаком» компаниясы менен чогуу уюштурду.

Катышуучулар Ош шаарынын мэриясынан студенттер шаарчасына чейин велосипед тээп, кайра мэриянын алдына келишти. Аралык 10 чакырымды түздү.

Сергек жашоого үндөгөн веложүрүшкө өспүрүмдөр жана чоңдор катышты. Аларды «Тез жардам» жана Жол кайгуул кызматтары коштоп жүрдү.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.