Дүйнөгө белгилүү спортчу Айсулуу Тыныбекова 29 жашка толду

Тыныбекова Айсулуу Болотовна бугун 4-май 29жашка толду. Дүйнөгө белгилүү кыргыз спортчусу, 1993-жылы Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарында төрөлүп, 3 жашынан тарта Нарын облусундагы Кочкор районунун Тендик айылында чоңойгон. Тыныбекова бала кезинен эле спортко кызыгып, спортко жакын болушуна чоң апасы салым кошкон. Үй-бүлөсүндө өзгөчө салт бар: баары күн сайын эртең менен чуркашат.
Айсулуу 8-класска чейин мектепте баскетбол командасынын капитаны болгон. 9-классты бүтүргөнгө чейин каратэ менен машыкчу. 10-класста эркин күрөшкө кызыга баштаган. Айсулуунун жөндөмүнүн байкаган ата-энеси, Айсулууну профессионалдык спорт менен машыгуусу үчүн Бишкеке жөнөтүшкөн.
Айсулуунун дүйнө чемпиону боломун деген калоосу үйдү жана ата-энесине болгон сагыныч сезимин жеңуугө жардам берген.
Эгемен Кыргызстандын тарыхында спорттун Олимпиадалык түрлөрүнөн Дүйнө чемпиону болгон алгачкы кыргызстандык спортчу. Тыныбекованын алгачкы чоң ийгиликтери 2010-жылы аялдар күрөшү боюнча Азия чемпионатында коло медалды уткан жана жаштар арасында Азиянын 4 жолку чемпиону, 2020-жылы дүйнө биринчилигинин кубогунун чемпиону болгон.
Айсулуу Тыныбекова бир эле спорт менен алектенбей ыр жазып, сүрөт тартат. Кесиби боюнча экономист, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык университетин бүтүргөн. Ата-энесинин айтуусу боюнча, мектепте математика жагынан дагы абдан жакшы окуп бүтүргөн. Айсулуу Тыныбекова 2017-жылы «Даңк» медалы менен сыйналган. 2019-жылы «Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик» номинациясында Кыргыз Республикасынын Ч.Т. Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреты жана Манас орденин ээси.