Бишкекте 19 жаштагы кыз унаа уурдап кармалды

Бишкекте унаа уурдоого шектелген кыз кармалганын Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 4-майда саат 01:30 чамасында Чүй проспектисинде, «Глобус» дүкөнүнүн жанынан белгисиз адамдар токтоп турган «Хонда Аккорд» үлгүсүндөгү унааны уурдап кетишкен.

Патрулдук милиция  кызматкерлери тарабынан Жайыл-Баатыр жана Арча-Бешик көчөлөрүнүн кесилишинен 2003-жылы туулган К.С аттуу жаран кармалып,Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. 

Сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.