Баткен облусунун түзөө иштерине бийликтен канча акча каражаты жумшалды?

Бүгүн, 4-май Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин төрагалыгы алдында Баткен облусунун өнүктүрүү иштери боюнча жыйын болуп өттү.

Бул жыйынга Бишкек шаарынан Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажыбаев, мамлекеттик  органдардын жетекчилери,банктардын өкүлдөру жана Баткен районунун жергиликтүү администрацияларынын башчылары-акимдер,мэрлер катышышты. Ошондой эле жергиликтүү кеңештер,жарандык коомдун өкүлдөрү,көз карандысыз эксперттер да өз ойлорун билдиришти.

Жыйында талкулоонуучу негизги сөз-Баткен облусуна   2022-жылы республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген 500 млн сомду бөлүштүрүү планы каралып, ага карата долбоор түзүлдү.

Бул чогулуштун жыйынтыгында 2021-жылдын 28-30-апрелдеринде болуп өткөн кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган райондордун абалын жакшыртуу,социалдык-экономикалык жардам көрсөтүү чечимдери кабыл алынды.Ал менен катар Баткен облусундагы Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаарларынын да акыбалын жакшыртуу иштери боюнча долбоорлорду ишке беришти.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.