Жаш баласына унаа айдатып бара жаткан адамга айып пул салынды

Социалдык тармактарда жаш баласын унаа башкартып бара жаткан айдоочуга 5500сом айып пул салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматы билдирди. 

Мааылматка ылайык, айдоочу өзүн социалдык тармактардан көрүп, өзү кайгуул кызматына байланышка чыккан.

«Кайгуул кызматкерлери ага карата тийиштүү протокол толтуруп, мыйзамды сыйлаш керектигин эскертүү менен тийиштүү протокол толтуруп, 5500 сом өлчөмүндө айып салды. Ошондой эле түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү«,-деп айтылат маалыматта. 

Эске салсак, социалдык тармактарда жаш балага унаа айдатып бара жаткан видео талкууга алынган эле.

ВИДЕО-Интернетте жаш бала унаа айдап бара жаткан видео талкууга алынды

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.