2млн 800миң сомго жакын. Анджелина Джолинин жарым-жартылай жеген круассаны сатылууда

Дүйнөгө белгилүү голливуд актрисасы Анджелина Джоли жарым-жартылай жеген круассаны Украинда сатыкка коюлду. Бул тууралуу  Tengrinews.kz кабарлады. Украинанын Евгений аттуу тургуну 30-апрелде Львового болгон сапарында Анджелина Джолинин кафесинде толук жеп бүтпөй калган крауссанды сатыкка койгон. 

Голливуд жылдызы барган мекемеде тазалоочу болуп иштеген Евгений жарымы желген круассан үчүн   1000000гривна биздин сом менен 2млн 800 миң сом сураган.

Кафеде Анджелина Джоли  лосось жана моцерелла кошулган круассанды, ошондой эле капучино кофесин тандап алганын айтышкан.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.