Таттууларды жешкен. Ош облусунда уулануудан 35 адам жабыркады

Ош облусунда (Ош шаарында жана Кара-Суу районунда) массалык тамак-аштан уулануу фактысы катталып, 35 адам жабыркаган.

Бул тууралуу  оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдирди.                                      

Маалыматка ылайык, 1-майда саат 18:33тө тамак-аштан ууланганы тууралуу шашылыш билдирүү 3 адамдан келип, 2-майда саат 10:00дө 15 адам келип түшкөн. Эпидемиологиялык иликтөө иштеринин жүрүшүндө тамак-аштан уулануу фактысы тогуз үй-бүлөдө катталып, жалпысынан 35 адам жабыркаганы, анын ичинен 14 жаштан 18 жашка чейинки балдар экени аныкталган. Жабырлануучуларда (баш оору, алсыздык, кусуу, диарея) симптомдору пайда болгон. 

Алардын айтымында, жабыркагандар кондитердик азыктарды жешкен.

«Кондитердик азыктар Кара-Суу районундагы «Сахобат» цехинде өндүрүлүп, түштүк борбордогу соода түйүндөрүндө жана базарда, анын ичинде сактоо шарты сакталбастан сатылып келген, — деп белгилешти башкармалыктан».                           

 Кондитердик цехте пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү. Цехтин ээсине мыйзам бузуу боюнча протокол түзүлүп, 7,5 миң сом айып пул салынган. Цех ишин убактылуу токтотту. Бөлүштүрүү тармагынан 1000 кутуга жакын кондитердик азыктар алынган.  Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча алты жабырлануучудан Staphylococcus aureus табылганы айтылууда.

Кондитердик цехтен алынган тамак-аштын үлгүлөрүн лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат.

Бардык бейтаптарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, детоксикация, антибиотик терапиясы жасалды. Азыр бейтаптардын абалы жакшырганы маалымдалды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Автор: Жоробекова Шахра

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.