Коронавирус июнь-июль айларында күчөшү мүмкүн

Кыргызстанда июнь-июль айларында COVID-19 оорусунун күчөшү ыктымал. Бул тууралуу республикалык штабдын Телеграм каналына жарыяланды.
«Ошол мезгилге чейин иммунитетти чыңдоо керек. Организмде вируска карата антителолорду иштеп чыгуу да маанилүү. Вакцина – бардык ооруга даба эмес, бирок өмүрлөрдү сактайт.
Кыргызстанда вакциналардын бардык түрү бар. Алардын ар биринин натыйжалуулугу жогору«, — деп жазылат маалыматта.