Базар-Коргондо жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду

Базар-Коргон районундагы Акман айыл өкмөтүнөн өткөн Бишкек-Ош унаа жолунун 554-чакырмында жол кырсыгы катталып, эки адам көз жумду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө таясак, жол кырсыгы кечээ, 2-майда болгон. Анда Хонда-Степвагон (рулда Ноокен районунун тургуну болгон) жана Митсубиси (Жалал-Абад шаарынын тургуну башкаруусунда) үлгүсүңдөгү унаалар сүзүшкөн.

Кырсыктын айынан Митсубиси унаасынын айдоочусу 1961-жылы туулган А.К жана Хонда-Степвагон унаасында жүргүнчү катары бара жаткан 2021-жылы туулган А.Э. алган жарааттарынан улам каза болду.

Жалпы 10 жүргүнчү денелеринен ар түрдүү жаракаттарды алышып, райондук ооруканага жаткырылган.

Учурда Базар-Коргон РИИБинин тергөө кызматы тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.