Мектепде дагы бир окуучу кыз сабалды. Аны ур-токмокко алган кыз буга чейин 4-класстын окуучусун сабаган

Бишкекте мектептердин биринин дааратканасында дагы бир окуучу кыз сабалды. Аны ур-токмокко алган кыз буга чейин 4-класстын окуучусун сабаган.

Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришкендей, 28-апрелде шаар тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Анда ал 25-апрелде мектептин дааратканасына жашы жете элек кызын сүйлөшүүгө чакырып, денесине жаракат келтирген 11 жаштагы Ч.А`га карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факты электрондук журналга катталып, алдын ала текшерүү башталган. Ал эми жаракат алган окуучу кызга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

«Мындан тышкары Бишкек ШИИББине бул окуянын бардык катышуучулары чакыртылып, аларга профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле алар күбө катары сурак беришти.

Ал эми 11 жаштагы Ч.А`нын апасына 102-берене (ата-энелик милдеттен качуу) боюнча протокол түзүлүп, 3000 сом айып салынды. Чогултулган материалдардын көчүрмөсү Октябрь райондук балдар иштери боюнча комиссияга жөнөтүлдү», — дешти мекемеден.

Буга чейин 4-класстын окуучусу сабалып, №3 балдар ооруканасына түшкөн. Кийинчерээк ал 11 жаштагы Ч.А. тарабынан ур-токмокко алынганы милиция кызматкерлери тарабынан маалым болгон. Ошондой эле сабаган кыздын апасына 1000 сом өлчөмүндө айып салынган.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу курагы) негизинде 16 жаштан жогорку курактагы адам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

Булак: Супер кж

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.