«Бишкек, туулган күнүң менен». «Бишкек башкы архитектурадан» өзгөчө видео

Бүгүн, 29-апрель Бишкек шаарынын туулган күнү. Борбор калаабызга 144 жашка чыкты. 

«Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик ишканасы борбор калаанын туулган күнүнө карата видео тартышты. 

Видеодо Бишкек шаарындагы белгилүү имараттардын макетинен Бишкек деген жазуу жазылган. 

Шаардын кыскача тарыхы

VII-кылымындан баштап Бишкек калаасы Жул шаарчасы катары таанымал болчу. 1825-жылында Чүй өрөөнүндөгү Пишпек аттуу калаасы эң ири аскерканасы (гарнизон) менен кошоо курулган. Орус аскердери калааны 2 жолу (Аяк оона айынын (сентябрь) 4, 1860 жана тогуздун айынын (октрябрь) 24, 1862) басып алышкан. 1862-жылдын Жетинин айында (ноябрь) калаа талкаланган. Эки жыл өткөндөн соң, анын ордуна *казак пикети орнотулуп, кийинерек базар чогула башталды. 1868-жылы Пишпек аттуу конуш курулган. Чын куран айынын (апрель) 29, 1878-жылы уезддын (Жети-Суу дубаны) борбору Пишпеке которулган. Ошол учурдан бери Пишпек (Бишкек) шаар наамдын ээси.

Тогуздун айынындан (октябрь), 1924-жылындан, Кара-Кыргыз Өзэрктин (автономия) акимий борбору. Бугу айынан (май), 1925-жылдан — Кыргыз Өзэрктин (автономия) борбору. 1926-жылы кеңештик (советтик) аскербашынын, Михаил Фрунзенин, аты коюлуп Фрунзеге өзгөрүлгөн. 1936-жылдан баштап Фрунзе шаары — Кыргыз КСРдин борбордук калаасы. 1991-жылы, эгемендүү Кыргыз Республикасында, шаардын аты кайрадан Бишкекке өзгөрүлгөн. Бир уламыш боюнча шаардын жаңы аты, XVII-кылымында бул жерде жашаган Бишкек-Баатырдын атынан чыккан. Башкасы боюнча — Пишпектен (биринчи аты) жана Бишкек (маанилештери:жыгачтан жасалган курал, кымыз аралаштыргыч таяк).

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.