Жапониялык компания чылым чекпеген кызматкерлерине эс алууга кошумча 6 күн кошуп берди

Япониянын бир компаниясы өзүнүн чылым чекпеген кызматкерлери үчүн эмгек өргүүсүнө кошумча 6 күн берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. 

Маалыматка ылайык, эми тамеки тартпаган кызматкерлерге жыл ичинде кошумча 6 күн эс алуу бөлүнөт. Бул жаңычылдык тамеки чеккен кызматкерлер 29-кабаттан түшкөн сайын тамеки тартууга 15 мүнөт убакыт короткону менен түшүндүрүлөт.

Японская компания подарила некурящим сотрудникам 6 дополнительных выходных дней

Демек, тамеки тартпаган кызматкерлерге кеңседе болгондугу жана ушул убакта иштегендиги үчүн компенсация төлөнөт.

Япониянын “Пиала” компаниясынын башкы кеңсеси 29-кабатта жайгашкандыктан, тамеки чегүүнү каалаган адам ар бир тыныгууга 15 мүнөт убакыт бөлүүсү керек.

 

«Биздин тамеки тартпаган кызматкерлерибиздин бири биздин компаниянын сунуштар китебине тамеки чегүүгө тыныгуу көйгөйлөрдү жаратып жаткандыгы тууралуу билдирүү калтырган.  Башкы директор комментарийди көрүп,ушундай чечимге келген»,-деди компаниянын кызматкери. 

Японская компания подарила некурящим сотрудникам 6 дополнительных выходных дней

«Мен кызматкерлерди тамеки чегүүнү айып пул же мажбурлоо жолу менен таштоого шыктандыргым келет. 120 кызматкердин кеминде 30у буга чейин жеңилдиктерди пайдаланып, өзгөртүүлөр киргизилгенден бери кошумча эс алуу күндөрүн алышкан», — деген башкы директор Такао Асука. 

Японская компания подарила некурящим сотрудникам 6 дополнительных выходных дней

Бул схема ошондой эле кеминде 4 адамды жаман адаттан арылтууга шыктандырган. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.