Мээрим Жуманазарова: Финалда жеңем дегем, буюрбаптыр..

«Финалда жеңем дегем, буюрбаптыр». Мындай пикирин бүгүн, 28-апрелде Улан-Батордо өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугуна катышкан балбандар, машыктыруучулар жана Күрөш федерациясынын өкүлдөрү берип жаткан маалымат жыйынында билдирди. 

«Азия биринчилигине жакшы даярдык менен баргам. Оюмда алтын алам дегем. Тилекке каршы, алтын медалды эрте тагынып алдым окшойт. Ага чейин дагы монголиялык балбан менен күрөшүп жатып бутуман жаракат алгам. Ордуман жакшы жыла албай, жакшы күрөшө алган жокмун. Оюмда ооруган бутум менен эле финалда жеңем дегем, буюрбаптыр…», — деди Жуманазарова.

Эске салсак, 21-апрелде өткөн финалдык беттеште Мээрим Жуманазарова Мадина Бакбергеновага 3:2 эсебинде жеңилип калган.

Читайте также: