800 баш кой менен Калмак ашуусунда калып калган чабандар куткарылды

Нарын облусунун Кочкор районунда жайлоого кетип бара жатып кардан улам Калмак ашуусунда калып калган чабандар куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Кечээ, 27-апрелде Кочкор районунан Соң-Көл жайлоосуна бара жаткан 4 чабан мал-жандыктары, 800 баш кой менен кардын калыңдыгына байланыштуу Калмак ашуусунан аша албай калган.
«Катаал аба ырайынан улам жайлоого жете албай калган чабандарга 5 куткаруучу тартылып, аларды мал-жандыктары менен Төлөк айылына аман-эсен жеткирип беришкен«,-деп айтылат маалыматта. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.