Түшкөн акча онкология менен ооруган балдарга берилет. Бишкекте «Дыхания танца» кайрымдуулук акциясы болуп өттү

Бишкек шаарынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин колдоосу менен «Дыхания танца» кайрымдуулук акциясы уюштурулуп, аталган акцияга Бишкек шаарындагы бий ансамбилдери, хареографиялык студиялар жана мектеп окуучулар катышты. Ыйык рамазан айындагы бул кайрымдуулук иш-чарадан түшкөн каражаттар онкология менен ооруган балдарга жардам катары которулуп берилет.
Бий фестивалда катышуучулар ортосунда гран-при, 1-2-орун үчүн атандашуу болгон жок. Келген конокторго балдар бий номерлерин тартуулашып, жагымдуу атмосфера түзүп беришти. «Билге клуб» билим берүү борборунун бий ийриминен борбор калаадагы №88, №46 орто мектептин жана Беш-Күнгөй айылынын Исмайлбек Таранчиев атындагы орто мектебинин окуучулары катышты. Мектеп окуучулары жардам иретинде чогулткан суммасын тапшырып, кыргыз бий, жалын бий жана заманбап бий номерлерин тартуулашты. Кайрымдуулуктун үрөөнүн сепкен бий фестивалы мектеп окуучуларына жардамга кол сунууга чоӊ мүмкүнчүлүк түздү.
Мектеп окуучуларын кайрымдуулук иштерине үгүттөгөн уюштуруучуларга “Билге” клубунун да ыраазычылыгын билдирди. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.