Түркмөнстан украин элине гуманитардык жардам жөнөтөт

Орусия Украинага кол салгандан бери Түркмөнстан биринчи жолу Киевге гуманитардык жардам жөнөтүү ниетин билдирди.

Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, украин элине гуманитардык жардам апрель айынын аягына чейин жөнөтүлөт.

«Түркмөн элинин гуманизм салтына ылайык, Түркмөнстан украин элине апрелде гуманитардык жардам жөнөтөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, гуманитардык жүк медикаменттерден жана текстиль буюмдарынан турат.

Түркмөнстан Орусиянын Украинага кол салуусун айыптаган БУУнун добуш берүүсүнө катышкан эмес. Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары Украинадагы согушту чагылдырышпайт. Бул арада өлкө Орусия менен салтуу байланышын бекемдөөнүн аракетинде. Москвага киргизилген санкциялардан кийин түркмөн бийлиги Орусияга экспорттоло турган өнүмдөрдүн көлөмүн көбөйтүүнүн үстүнөн иштеп жатат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.