Марлен Маматалиев депутаттарга манжа изи менен добуш берүүнү сунуштады

Регламент долбоорунда келбеген кесиптештердин ишеним каты менен добуш берүү эрежесин алып салуу сунушталууда. Мындай сунушту   Жогорку Кеңештин регламентинин долбоору каралып жаткан Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди.

«Депутаттар бири-бирине добуш беришет деген кептерден улам биз манжа изи менен добуш берүүнү сунуштап жатабыз. Албетте, биз мындай норманы дароо ишке ашыра албайбыз. Бир жылдай убакыт кетиши мүмкүн”, — дейт депутат Марлен Маматалиев.

Профилдик комитеттин мүчөлөрү бул норманы колдошту.

Читайте также: