Марлен Маматалиев: Алтындын 30 пайызы элге калыш керек!

Аукцион өтөбү, конкурс өтөбү алтындын 30 пайызы өлкөгө калыш керек. Мындай маселени Жогорку  Кеңештин бүгүнкү жыйынында «Жер казынасын пайдаланууда бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорунун» демилгечиси,  депутат Марлен Маматалиев билдирди.

«Аукцион өтөбү, конкурс өтөбү алтындын 30 пайызы өлкөгө калыш керек. Бул биринчи маселе. Экинчиси ошо конкурстун өзүндө, комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ,министрлер кабинетинин өкүлдөрү, андан сырткары Жогорку Кеңештин комитетинин өкүлдөрүн да бул жака катышуу маселесин карап атабыз. Андан сырткары эксперт-консультаттар да бул комиссиянын курамына катышыш керек. Биз бул мыйзамды эрте кабыл алганда жакшы болмок.Себеби, жер уйдө 100 тонна алтындын запасы менен бизге жок дегенде 1 миллиарддын тегерегинде бизге калат эле»,-деди депутат.

Аталган мыйзам демилгеси Жогорку Кеңештин экинчи окуусунда кароого калтырылды. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.