Балбан кыз Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга көтөрүлдү

Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) расмий сайтына жарыялан маалыматка таянсак, Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга көтөрүлдү.

Аталган рейтинг жакында болуп өткөн Улан-Батордо өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунун жыйынтыгынын негизинде түзүлгөн. 

Эске салсак, Улан-Батордо өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Айпери Медет кызы финалда япониялык балбанды 5:3 эсебинде жеңип алып, алгачкы жолу «Азия чемпиону» аталган.

Читайте также: