Балбак Түлөбаев: ««Мен Анара эмесмин» дегендей эле болдуң» дешти

««Мен Анара эмесмин» дегендей эле болдуң»  дешти. Мындай пикирин депутат Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги жыйынында билдирди.

Эске салсак, депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин регламентин карап жатканда адашып Балбак Түлөбаев менен Акылбек Түмөнбаевди алмаштырып айтып алганын билдирди.
Бүгүн ал Түлөбаев регламентке ЖК депутаттарын Конституцияны өзгөртүү, министрлер кабинетинин республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетун угуу укугунан ажыратууну сунуштаганын маалымдаган.
Жыйындын соңунда Маматалиев адашып айтып алганын, чынында андай сунушту Түмөнбаев бергенин белгиледи. Мындан улам ал ЖМК өкүлдөрүнөн маалыматка тастыктоо киргизип коюуну өтүндү.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.