Ашыкча иштеп коюштубу? Депутаттар жумасына төрт жолу жыйын өткөрүүдөн баш тартышты

Депутаттар парламенттин жыйынын жумасына төрт күн өткөрүүгө макул болгон жок. Мындай сунушту эл депутаты Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин регламентинин долбоору каралып жаткан Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, эффективдүү иштөө үчүн парламентарийлер жумасына төрт күн отурушу керек. «Түшкү тамакка чейин жыйындарды өткөрүп, андан кийин комитеттерде иштейбиз. Ушундай жол менен биз эффективдүү иштей алабыз», — деди ал.

Ошондой эле депутаттар спикердин ыйгарым укуктарын 2,5 жыл деп чектөөдөн баш тартышты.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.