Таласта 42 жаштагы киши майып кызды зордуктоого шектелип кармалды

Men who are raping women, domestic violence, The concept of sexual harassment against women and rape. human rights abuses.

Таласта 42 жаштагы киши ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кызды зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралууТалас облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Бакай-Ата районунун Үйүр-Марал айылынын 1985-жылы туулган Т.Э. аттуу тургуну милицияга арызы менен кайрылып, анда 2022-жылдын 18-апрелинде саат 18:30 чамаларында үйүнөн, 1-топтогу майып карындашы 1992-жылы туулган К. кызы Н. аттуу жаранды алсыз абалынан пайдаланып Боди аттуу киши зоордуктап кеткендиги тууралуу айткан. 

Аталган билдирүү 2022-жылдын 21-апрелинде Бакай-Ата РИИБнөн маалыматтардын электрондук журналына катталып, милиция текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүү учурунда шектүү катары ​ Үйүр-Марал айылынын​ ​ ​ тургуну 1980-жылы туулган А.Н. ​ аныкталып, кармалган. Шектүү зордуктоо кылбагандыгын билдирген. 

«​Мындан тышкары, К. кызы Н. ​ ​ соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлгөн. ​ Анын жыйынтыгы денесинде күч колдонулган жаракат белгилери жоктугун көрсөткөн. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,-деп айтылат маалыматта. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.