Бул маалыматты Twitter’дин өкүлдөрү да ырастады. Маалыматка караганда, келишимди баасы 44 миллиард долларды түзөт.
Маск Twitter’ди сатып алгандыгы тууралуу билдирүүсүндө сөз эркиндиги маанилүү экенин белгилеп, аны сындап жүргөн адамдардын да социалдык түйүндөгү аккаунттары өчүрүлбөйт деп үмүттөнөрүн айтты.
4-апрелде Маск Twitter’дин акцияларынын 9,2% сатып алып, социалдык түйүндүн ири акционери болуп калган. Бул маалыматтан кийин Twitter’дин акциялары 9,2% кымбаттаган.