Алексей Тепляшин 100 тонналык темир жол вагонун ордунан жылдырып, Кыргызстандын рекордун жаңылады

Спортчу Алексей Тепляшин 100 тонналык темир жол вагонун ордунан жылдырып, Кыргызстандын рекордун жаңылады. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы маалымдады.

Маалыматка таянсак, спортчу жонуна илинген кайыш кур менен чиркештирилген 4 вагонду жана кошумча салынган жүктү дээрлик 8 метр аралыкка чейин жылдырган. Ал эми жүктүн жалпы салмагы 100 тонна 150 килограммды түзгөн.

«Алексей Тепляшин бул сынакка жарым жылдан ашуун даярданып, 40 жашка чыккан туулган күнүндө максатын ишке ашырды. Темир жол вагонун ордунан жылдыруу боюнча жаңы коюлган рекордду ал Кыргызстандын жалпы элине арнай турганын билдирди», — деп билдиришти аталган ишканадан.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.