Абдырахман Маматалиев, коомдук ишмер: “Президент кээ бир ыңгайсыз суроолорго буйтабай, жаап жашырбай, жөнөкөй сөз менен, ачык айкын жооп берди”

—Абдырахман агай, президенттин маегине ынандыңызбы? журналисттин суроолоруна ачык, айкын эле жооп бериптирби?
-Негизинен президент берилген бардык суроолорго ынанымдуу эле жооп бериптир. Президенттин жоопторунан өлкөдөгү кырдаалды толук көзөмөлдөп турганы көрүнүп турат. Кээ бир ыңгайсыз суроолорго буйтабай, жаап жашырбай, жөнөкөй сөз менен, ачык айкын жооп бергени туура болуптур. Албетте, өзү каалагандай жооп ала албаган кээ бир журналисттер сындай башташты. Мисалы, тегерегиндеги кээ бир коррупцияга малынган кадрлар жана башка маселелер жөнүндөгү жоопторун. Бирок, Президенттин алар жөнүндө маалыматы бар экендиги, алардын азыркы ишмердиги толук көзөмөлдө экендиги, эгер дагы кандайдыр шектүү иштерге аралашса, кызматтан кетет, камалат деп ачык айтканы жакшы болуптур.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.