Президент: Матраимовдун колундагы бардык оокатын алдык

Президент Садыр Жапаров коррупциялык иш-аракеттерден өндүрүлгөн акча каражаты тууралуу «Кабар» агенттигине берген маегинде маалымат берди. Анын айтымында, жалпысынан УКМК сегиз млрд сомдон ашык, прокуратура үч млрд сомдун тегерегинде акча өндүрдү.
Накталай төгүлгөн акча түздөн-түз казынага түшүп жатат. Ал эми мүлктөр мамлекеттик мүлк мекемесине өтүүдө.
Садыр Жапаров коррупциялык көрүнүштөрдөн өндүрүлгөн акча тууралуу иликтөө жасагандарга бардык маалыматтар берилерин айтты.
Маек алып жаткан журналист Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов коррупция менен кармалганын, бирок эмнеге камалбаганын сураган.
«Камап, 2 млрд 150 млн сом акча төктүрдүк. «Элдорадо» деген соода түйүнүн алдык. Элиталуу 10 батирин алып, Мамлекеттик ипотека компаниясы аркылуу элге таратып бердик. Кошуна мамлекеттердин баарына жана Дубайга дагы суроо каттарын жөнөттүк. Силерде болгон кылмыштары же мүлктөрү болсо, тизмесин бергиле деп. Бардык мамлекеттен андай жок деген жооптор келди. Болсо дагы 2017-жылы ызы-чуу башталганда сатып жиберген экен деген маалыматтарды алдык. Колунда болгон оокатынын баарын, эки миллиард сомдон ашык акчасын алгандан кийин чыгарып койдук. Аны түрмөдө элдин эсебинен багып жатып эмне кылабыз? Бир эле Раим эмес, канчалаган чиновник мүлктөрүн, акчасын кайтарып берип, анан чыгып кетишти. Ошол үчүн жалпы кайтарган сумма баш-аягы мүлктөр менен чогуу эсептегенде, сегиз миллиард сомдон ашты» , — деди Жапаров.
Райымбек Матраимов буга чейин коррупцияга шектелип кармалып, тергөө менен келишип, мамлекетке 2 млрд сом төлөгөн. Андан кийинки соттук отурумда 260 миң сом кошумча айып салынып, акталып чыккан.
Матраимов өз ыктыяры менен 20 миллион сомдон жогору турган 232,3 чарчы метр батирин мамлекеттин бюжетине өткөрүп бергени айтылган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.