Президент: Акыл үйрөткөндөр өздөрүн бир эсе мекенчил сезсе, мен алардан жүз эсе мекенчилмин!

Президент Садыр Жапаров Манас айылы тууралуу пикирин «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди:

«Манас» айылы Дөөлөт Сыдыковдун, ал эми ак үй менин менчигим эмес. Көрүбүзгө көтөрө кетпейбиз. Элдики. Чектери биригип турат. Анча-мынча бурч болуп кармалып калган кашааларын түздөп салып жатышат. «Манас» айылын дагы жаңылап салабыз. Азыркы ахывалын барып көргүлөчү. Адамдар эмес, ит көргүс. Биз аны накта «Манас» айылы кылып жасайбыз. Азыркы турушун, архитектурасын «Манас» айылы деп айткандан уяласың. Манаска тиешелүү эч нерсеси жок. Логикага сыя турган бир дагы архитектурасы жок. Ошондуктан аны жаңылайбыз. Эл тамшануу менен кирип тургудай кылабыз. Мындан сырткары Манас айылынын мандайына Манас театрын салабыз.

Ушул жерден бир нерсени айтып коеюн. Өзүн акылдуу сезип, акыл үйрөткөндөр өздөрүн бир эсе мекенчил сезсе, мен алардан жүз эсе мекенчилмин. Манас атабыз менин жүрөгүмдө бала кезимден бери жашайт. Бала кезимде кечкисин мал тейлеп келип олтурганда, атам менен апама «Манас» китебин окуп берет элем. Алар кунт коюп угушар эле. Ошондуктан менин азыркы жасап жаткан ар бир ишим, кайсы убакта болбосун, эл тараптан “жакшы иш болуптур” деген баа бергидей жасап кетем. Ошол үчүн бардык жасап жаткан иштеримди сындагандын ордуна колдоп тургула. Өкүнбөйсүңөр.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.