Кимге канча кошулат? Ак халатчандардын айлыгы 50%га көтөрүлдү

1-апрелден тарта саламаттыкты сактоо тутумундагы иштеген кызматкерлердин маяналары орточо 50 пайызга чейин жогорулайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Билдирүүгө ылайык, кызматкерлер жогорулатылган маяналарын 25-апрелден баштап ала баштайт. Бардык кошумча акылар (айыл жерлери, бийик тоолуу аймактар, илимий даражалар, эмгек стажы, категориялар) сакталып, маянага кошулат.
Кошумча каражат кызматкердин эмгек стажысына карата кошулат:
5 жылдан 10 жылга чейин — 10 пайыз;
10 жылдан 15 жылга чейин — 20 пайыз;
15 жылдан көп иштегендер — 30 пайыз.
— I квалификациялык категория – 30 пайыз;
— II квалификациялык категория – 10 пайыз.
Мисалы:
1) айылдык ооруканада 6 жылдык стажы бар, бирок квалификациялык категориясы жок дарыгер 9001 сом маяна алса, эми 13 518 сомго чукул айлык алат. (Эмгекке катышуу коэффициентин эсепке албастан).
2) жогорку квалификациялык категориясы бар, 17 жылдык стажысы менен эмгектенген дарыгердин маянасы 14 252 сом болсо, жогорулатылган айлыгы 21 403 сомго чукул болот. (Эмгекке катышуу коэффициентин эсепке албастан).
4) айыл жергесинде жогорку квалификациялык категориясы жана 17 жылдык стажысы бар үй-бүлөлүк дарыгер 19 миң сом маяна алса, эми 28 миң 758 сомго жакын айлык алат. (Эмгекке катышуу коэффициентин эсепке албастан).