№148-маршруттук таксиге чапталган орус армиясына чакырган жарнама алынды

Бишкекте №148 маршруттук таксидеги «Орус армиясына келишимдик негизде кызмат өтөө» («Кесипкөйлөр армиясы») деген жарнама жазылгандыгы тууралуу видео социалдык тармактарда таркап, көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратты.
Милициянын кайгуул кызматынын берген маалыматына караганда аталган маршруттук такси табылып, унаага чапталган жарнама алынган.
«Жогорудагы видео социалдык тармактарга чыгаар замат милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү издеп табуу иш-чараларын жүргүзүп, чапталган сүрөттөрдү алып салышты.