420 гектар жер. Дастанбек Жумабеков Боо-Терек айылына жардам берди

КР Жогорку Кеңешинин депутаты Дастанбек  Жумабеков Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылына айдоо жерди сугаруу үчүн насос алып берген

Боо-Терек айылынын тургундары бул иши үчүн Дастанбек Жумабековго видео кайрылуу аркылуу терең ыраазычылыгын билдиришкен.

Анда, алар Жумабековго кат жүзүндө кайрылышканын, депутат өз учурунда жардам көрсөтүп жатканын, бул насос аркылуу 420 гектар айдоо аянты суу менен камсыз болорун жана бул насос ишке кирсе айылдын өнүгүшүнө салым кошорун айтышкан.

Ошондой эле, бул жакшылыгы орозо айына туш келип, айыл элине берген жардамы чоң кубаныч экени айтылат.

Ал эми, видеодон болсо бир топ чогулган элди, алардын жүзүнөн кубанууну көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, насостун наркы 2миллион 200 миң турат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.