Депутат Марат Мураталиев К.Көлбаев атындагы тоннелдин абалына көңүл бурду. «Бул тоннель өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарын бириктирип турган жалгыз жол, бирок анын абалын карагылачы, көптөн бери оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөй келет», — деп баса белгилепт жана жаңы заманбап тоннель куруу зарылдыгын билдирди. Ошондой эле Өтмөк жолунун оңдоо иштерин май айынан башталарын тактады.