«Нур-Баткен» футбол клубунун эки оюнчусу жол кырсыгынан каза болду

Кечээ, 20-январь күнү Баткен—Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан улам «Нур-Баткен» футбол клубунун оюнчулары — Асат Алимов менен Жахонгир Махмудов көз жумгандыгы белгилүү болду. Бул маалыматты футболчулардын жакындары тастыкташты.

Маалыматка караганда, футболчулар Баткен шаарында өткөн кароодон соң 20-январь күнү клуб менен келишим түзүп, Өзбекстан Республикасында өтүүчү эл аралык турнирге катышуу үчүн 23-январга чейин эс алып келүүгө өз үйлөрүнө кетишкен. Ош шаарына жетип калганда, жол кырсыгына учурашкан.

Буга чейин футболчулар «Алай» футбол клубунун курамында ойноп келишкен

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.