Депутат Надира Нарматова: «Пирамида» каналы гана Жогорку Кеңештин жыйынын түз эфирде көрсөтүш керек»

«Журналисттерди жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн аккредитациялоодо журналист басып өткөн жолун, коомчулукка кандай пайда алып келерин, көз карашын, кесипкөйлүгүн эске алуу керек»,-деп эсептейт депутат Надира Нарматова. Бул тууралуу ал 20-январда «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында билдирди.

Ошондой эле, анын айтымында, түз эфирге Жогорку Кеңеш гана укуктуу болушу керек.

«Аккредитациядан өткөн журналисттер бул жерге маалымат алуу үчүн келишет, алар залга келип, ар кандай сайттар аркылуу түз эфирге чыгышат. “Пирамида” телеканалы аркылуу түз эфир да ушундай эле көрсөтүлөт. Ошол канал  гана түз эфирге чыгышы керек. Журналисттердин түз эфирде берүү практикасын токтотуу керек. Анан майдалар келип түз эфирге чыгып, маалыматты бурмалап беришет», — деди депутат.

«Бир чети ЖМКлар парламенттин ишмердүүлүгүн чагылдырып, сындап жатканы жакшы»,- деди депутат Бакыт Төрөбаев Нарматовага. 

«Мен буга каршы эмесмин. Болгону маалыматты бурмалап жатышат», — деди Нарматова.

«Биз мындайдан өтөбүз», — деп кубаттады депутат кесиптешине.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.