ВИДЕО-Эки буту, кабыргасы сынган. Алматыда жоголгон дагы бир кыргызстандык жаран табылды

Казакстандын Алматы шаарында башаламандыктар учурунда кармалып дайыны билинбей жаткан Кыргызстандын жараны Чолпонбек Сыдыков 11 күндөн кийин табылды. Бул тууралуу 19-январда Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов билдирди.

«Эки буту, кабыргасы сыныптыр. Эртең Кыргызстанга жөнөтөбүз. Ал Бишкекке кетип баратканда (ред: 8-январда) Алматынын чыга беришинде атайын операцияга туш келип кармалып калган. Кийин суракка алынган. Ошондон бери дайынсыз болуп жаткан», — деди Арипов.

Ал эми Чолпонбек  Сыдыков төмөндөгүлөргө токтолду: «Убактылуу каттоо бүтүп жаткандыктан Бишкекке барууга туура келди. Алматыдан чыгаарда бизди токтотушту. Казак паспорту бар жарандарды дароо киргизип, Кыргызстандын жарандыгын алгандарды унаадан түшүрүүнү суранышкан. Документтерди да карашпай, алып кетип, милицияга беришти. Патруль келди, мени машинеге отургузушту, телефонумду алып кетишти, болду. Алар мени унаанын ичинде эки жолу уруп, милиция бөлүмүнө алып келишти. Кайда экенибизди да билбей калдык. Мени коридорго алып чыгышканда дубалга жабыштырып, баарын союл, муштум менен уруп башташты… Бутумду сындырып салышты. Анан тез жардам чакырышты. 2022-жылдын 9-январы болчу», — деди Чолпонбек Сыдыков.

Сыдыковдун жакындары эмерек орнотуучу болуп Алматыга барып-келип иштеп жүргөн Чолпонбекти казак күч кызматкерлери Алматыдагы башаламандыкка шектүү катары кармап, Кошмамбет айылын көздөй алып кетишкенин жазышкан.

Маалымат боюнча, Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу жалпысынан он кыргызстандык кармалган, алардын баары чыкты. Каза болгондор экөө.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Ал башаламандык талап-тоноолор менен коштолгон.

Тополоңдо каза болгондордун саны 227га жетти. 10 миңдей адам кармалып, 700дөй кылмыш иши козголгону кабарланды.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.