ВИДЕО-Африканын Сахара чөлүнө кар жаады

Африканын Сахара чөлүнө кар жаады. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды. Маалыматка караганда, абанын температурасы нөлдөн төмөн болгону айтылат.
Абанын температурасы кескин төмөндөп, түнкүсүн -2 градус суук болгон. Буга чейин Сахара чөлүнө 1979-жылы, 2016-жылы, 2018-жылы, 2021-жылы кар жааган.
Бул жолу Айн-Сефра аймагына түшкөн кардын сүрөттөрүн жергиликтүү фотограф Карим Боучетата тартып алган. Сахара чөлү Түндүк Африканын көп аймагын ээлейт.